Мөөнөтүнөн мурда шайлоо: Дамира Ниязалиева 35,83% добуш алды
- 4 months мурун
Бүгүн, 28-майда, саат 20:00дө Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. АСУ маалыматы боюнча Дамира Ниязалиева 6242 шайлоочунун добушун же 35,83% добуш алды.
БШКнын маалыматы боюнча, шайлоого 17 миң 423 шайлоочу добуш берди же шайлоочулардын 13,95%ы добуш берди. Саат 20:30га карата АСУ маалыматтары жарыя болду. Андан кийин кол менен санактын жыйынтыгы чыгарылат.
АСУ маалыматынын болжолдуу жыйынтыгы мындай болду:
– Дамира Ниязалиева — 6242 (35,83%)
– Улан Сариев — 2070 (11,88%)
– Эртай Искаков — 1317 (7,56%)
– Акыл Айтбаев — 988 (5,67%)
– Аттокур уулу Илимбек — 898 (5,15%)
– Өмүрбек Суваналиев — 866 (4,97%)
– Муктарбек Айткулов — 748 (4,29%)
– Данияр Тербишалиев — 475 (2,73%)
– Равшан Жээнбеков — 405 (2,32%)
– Руслан Бекназаров — 404 (2,32%)
– Турсунбай Бакир уулу — 379 (2,18%)
– Баарына каршы — 376 (2,16%)
– Салтанат Сагидаева — 326 (1,87%)
– Айбек Субанов — 286 (1,64%)
– Темир Эмилов — 211 (1,21%)
– Ажыбек Касмалиев — 209 (1,2%)
– Максат Кунакунов — 204 (1,17%)
– Андрей Скорняков — 170 (0,98%)
– Таалайкул Айдаралиева — 151 добуш (0,87%)
– Эльдар Мадылбеков — 121 (0,69%)
– Мирлан Камбаров — 90 (0,52%)
– Аким Маликов — 68 (0,39%)
– Бактыбек Рысалиев — 60 (0,34%)
– Акин Токталиев — 57 (0,33%)
– Сарылдык уулу Илгиз — 44 (0,25%)
– Эркин Булекбаев — 39 (0,22%)
– Карачач Исмаилова — 34 (0,2%)
– Кубанычбек Макешов — 28 (0,16%)
– Бакыт Керимбеков — 24 (0,14%)
– Гүлшат Тазабекова — 17 (0,1%).
Бүгүн, 28-майда, саат 08.00дөн баштап, 20:00 гө чейин Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү
№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого 29 талапкер катышты.