Кыргызстандын Ирандагы дипломаттарынын коопсуздугун камсыз кылуу чаралары көрүлүүдө

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Ирандагы дипломаттарынын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын көрүүнү тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги президент Садыр Жапаровго Жакынкы Чыгыштагы чыңалган кырдаал тууралуу маалымат берди.

Өзгөрүп жаткан кырдаалды эске алуу менен, мамлекет башчы Тышкы иштер министрлигине Ирандагы Кыргыз элчилигинин кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Бул чаралар дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилиши мүмкүн болгон тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталары белгиленди.

Израил, АКШнын Иран менен согушу үч жумадан бери уланууда. АКШнын президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгына байланыштуу ультиматумду беш күнгө жылдырды. Бул тууралуу Трамп Truth Social социалдык тармагында билдирди. Ал эми дүйшөмбү күнү Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык базаларды камсыздаган электр станцияларга чабуул коюуну билдирген.

28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Израилге АКШ да кошулду.

Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду. Израилде өзгөчө абал жарыяланды. АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду.

Сүрөт: Иранда. Getty Images

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты