Кыргызстан Түркияга кезектеги куткаруучуларды жиберди    

  • 1 год мурун

Бүгүн, 12-февралда, Түркияга жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга, издөө-куткаруу иштерине жардам берүү үчүн куткаруучулар жөнөп кетти. Курамында 50 куткаруучу, 6 дарыгер, боз үй тигүүчүлөр бар. Мындан сырткары куткаруучулардан турган 50 адам, 75 боз үй жана гуманитардык жардам менен кийинки жуманын шейшемби күнү учуп кетишмекчи.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

6-февралда кыргызстандык куткаруучулар катуу жер титирөө катталган Түркияга кыргызстандык 63 куткаруучу жардамга жөнөтүлгөн.

Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахраманмараш шаарында бузулган имараттын урандылары арасында алты күн калган адамды тирүү таап чыгарышты. 

Андан соң Түркиянын Кахранмараш шаарындагы Баалыжан районунда зилзала болгондон кийинки урандылар арасынан издөө-куткаруу иштери учурунда  11-февралда кечки 19:21 чамасында 22 жаштагы кош бойлуу келин аман-эсен куткарылды.

Бүгүн 12-февралда, Түркиянын жер титиреген аймактарынан урандылар алдынан издөө-куткаруу иштери учурунда Бишкек убактысы боюнча 02:30 чамасында кыргызстандык куткаруучулар тарабынан Алиайчичек аттуу 2016-жылы туулган бала куткарылды.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты