Кыргыз-өзбек чек ара маселеси талкууланды  

  • 2 года мурун

Бүгүн, 20-октябрда, президенттик администрациянын имаратында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маселе талкууланды.

Жыйынга президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты. Жыйынга өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер, журналисттер чакырылган.

Жыйын жабык өттү.

Жогорку Кеңештин комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун колдоду.
Комитет жыйынында келишимдин долбооруна 6 депутат «макул», 4 эл өкүлү «каршы» деп добуш берди.

Буга чейин Камчыбек Ташиев Кыргызстанга кайсы жерлер өткөнүн айтты.

Гавасай — 12 миң 949 гектар, Көк-Серек — 105 гектар, Баястан — 212 гектар, Унгар-Тоо — 35 гектар, Ак-Таш — 100 гектар, Кара-Белес — 25 гектар өттү.

Шарихан каналынын башы 19,5 гектары Өзбекстанга, калган 19,5 гектары Кыргызстандын Өзгөн районуна тиешелүү. Кошумчалай кетсек, 1000 гектар жер Сузак менен Өзгөн районунун ортосунда 500 гектарга бөлүнгөн – алар Кыргызстанга тиешелүү.

Орто-Токой суу сактагычын Кыргызстан толугу менен көзөмөлдөйт. «Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери калган. Бирок сууну 8 адамдан турган биргелешкен мекеме көзөмөлдөйт. Анын төртөө Кыргызстандан, төртөө Өзбекстандан. Кыргызстандыктар сууну ээн-эркин пайдалана алышат, Баары биздин колго өтүп, жеңишке жетти дегенден алыспыз. 1 метр жерди дагы берген жокпуз, — деди Ташиев.

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы элдик курултай өттү..Элдик курултай Кемпир-Абад суу сактагычы жана анын айланасындагы жер Кыргызстандын менчигинде калсын деген чечим кабыл алды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты