Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңири курамдагы жыйыны өтүүдө

Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңири курамдагы жыйыны өтүүдө.

ЕАЭБ энергетикалык, азык-түлүк коопсуздугуна жана транспорттук байланышка таянган өз алдынча дүйнөнүн өнүккөн бир уюмуна айланышы керектиги тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы кезектеги жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

-Азык-түлүк инфляциясы социалдык чыңалуунун булагына айланууда. Бул инфляциянын туруктуу басымын эске алганда өзгөчө актуалдуу.

Ушуга байланыштуу, Комиссия айыл чарба рынокторундагы кырдаалга активдүү мониторинг жүргүзүүнү улантышы жана мүчө мамлекеттерден алынган маалыматтарды эске алуу менен тартыштык же баалардын жогорулашы күтүлгөн учурларда, бул тармактагы тең салмактуулуктун бузулуу тобокелдиктерин ыкчам жумшартууга мүмкүндүк бере турган чечимдерди кабыл алуу үчүн Биримдиктин органдарына өз убагында сунуштарды киргизип турушу маанилүү деп эсептейм, -деп билдирди Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев.

-Сиздердин көңүлүңүздөрдү ЕАЭБдин бизнес жана жарандар үчүн жагымдуулугун тынымсыз арттыруу, механизмдерибизди өзгөрүп жаткан экономикалык реалдуулукка өз убагында ылайыкташтыруу жана зарыл болгон учурда аларды ишке ашырууга карата мамилелерибизди кайра карап чыгуу зарылдыгына бургум келет.

Бул иште Биримдиктин жалпы рынокторун натыйжалуу калыптандыруу өзгөчө мааниге ээ. Дал ушул рыноктор товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин жүгүртүлүшү үчүн негиз болуп кызмат кылууга, ошону менен бирге мүчө мамлекеттер үчүн реалдуу атаандаштык артыкчылыктарды жана экономикалык өсүштүн кошумча мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга багытталган.

Буга мисал катары бүгүн каралып жаткан брокерлерге жана дилерлерге уюшкан биржа соодасына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө келишимдин долбоорун келтирүүгө болот.

Ошол эле учурда, мен Биримдиктин жалпы рынокторун түзүү менен байланышкан тобокелдиктерди да карап чыгышым керек.

Мисалы, бүгүн биз климаттык күн тартиби боюнча кызматташууга жалпы мамилелерди ишке ашыруудагы жетишилген ийгиликтерди карап чыктык.

Айрым өлкөлөрдө көмүртек боюнча жөнгө салуу чаралары тышкы соодада маанилүү факторго айланып жатканын көрүп турабыз.

Кыргызстан бирдиктүү ыкмаларды толугу менен колдойт жана улуттук методологиялардагы айырмачылыктар жалпы рыногубузду бөлүп-жарган тоскоолдуктарга айланбашын камсыздоону жактайт.

Экинчи мисал – бул платформалык экономиканы жөнгө салуу маселеси. Заманбап санариптик соода ички өнүгүүбүздүн кыймылдаткыч күчүнө айланышы керек.Бирок, улуттар үстүндөгү эрежелердин жоктугу чек ара аралык тоскоолдуктарды жаратуу жана мамлекет, бизнес жана жарандардын ортосундагы кызыкчылыктардын тең салмактуулугун бузуу коркунучун туудурат.

Бүгүн кол коюлуп жаткан Товарлар боюнча электрондук соода жөнүндө макулдашуу өз убагында кабыл алынган кадам болуп саналат.

ЕАЭБдин Бажы кодексине үчүнчү өлкөлөр менен электрондук сооданы жөнгө салуучу өзгөртүүлөр келерки жылдын башында күчүнө кирет..

Финансы жана соода чөйрөсүндөгү келишимден тышкары, бүгүн биз кызматташуубуздун жаңы багытын караган дагы бир эл аралык келишимге кол коюуга даярданып жатабыз, мен аны маанилүү деп эсептейм, бул биздин кызматташтыгыбыздын жаңы багытын карайт, -деп билдирди Адылбек Касымалиев.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынына ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары: Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Александр Турчин, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышууда. 

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов байкоочу катары катышууда.

Кечээ, 6-августта, Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) чакан курамдагы жыйыны өттү

Иллюстрациялык сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты