Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал салыштырмалуу туруктуу

  • 2 года мурун

20-сентябрь саат 8:00гө карата кыргыз-тажик чек ара аймагынын Ош облусунун Чоң-Алай районунда жана Баткен облусунда кырдаал  салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт.  

Бул тууралуу Улутттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирди.  

«19-сентябрдан 20сына караган түн тынч өттү.  Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда2 деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан жана Тажикстандын делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнөн кийин комиссия мүчөлөрү абалды турукташтыруу жана кошумча күчтү чек арадан алып чыгып кетүү боюнча мурда жетишилген келишимдерди аткаруу чараларын жүргүзүп жаткандыгы белгиленди.

 Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК)  башчысы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов кечээ сүйлөшүү жүргүзүп, тынчтыкты орнотуу боюнча протококолго кол коюшту.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынна 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. Жабыркагандардын саны 183 кишиге жетти  

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты