Кыргызстандын жана Тажикстандын УКМК башчылары тынчтыкты орнотуу боюнча протоколго кол коюшту (Видео)

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК)  башчысы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов кечээ сүйлөшүү жүргүзүп, тынчтыкты орнотуу боюнча протоколго кол коюшту.

Документте ошондой эле чек ара тилкесинен кошумча күчтү алып кетүү каралган.  

Тараптар чек арага чектеш аймактарда туруктуулукту камсыз кылуу,  ок атууну токтотуу боюнча милдеттенмелерди сактоону баса белгилешти.  

УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин айтымында, чек арадагы абал турукташууда, бул жагынан иш дагы улантылат.  

Сүрөт: Видеодон

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынна 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. Жабыркагандардын саны 183 кишиге жетти  

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты