Кыргыз-тажик чек арасы: Кырдаал тынч

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы 18-сентябрда саат 14:00гө карата кырдаал тынч, турукташуу тенденциясы бар экенин билдирди.  

Чек арада эскалация, атышуу байкалган жок. Тараптар атышууну токтотуу, күчтөрдү алып кетүү боюнча келишүү талаптарын сактап жатышкандыгы белгиленди.

Тиешелүү комиссиялар чек ара аймагында абалдын оорчулугун жеңилдетүү жана кыскартуу, эки мамлекеттин ортосундагы чыңалууну азайтуу иштерин алып барышууда.

Жеринде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тиешелүү структураларга көзөмөл жүргүзүүдө.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.

Тажикстандын Кыргызстанга кол салганынын кесепетинен 37 кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Ал эми жаракат алгандардын саны 129га жетти.

Учурда Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды. 

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди  айыл аймагынын жалпы 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты