Кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү аракеттерин колдойбуз. Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу пикирин жазды.
-Жакынкы Чыгышта күчөп жаткан чыңалуу жана анын боордош араб өлкөлөрүнө да тийгизип жаткан терс таасири бизди тынчсыздандырууда. Конфликт руханий тазалануунун, кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн жана өз ара сый-урматтын айында, ыйык Орозо айында болуп жатканы абдан өкүнүчтүү.
Биз аймактагы элдер менен бирге, жай турмушта күн кечирген элдин арасында көптөгөн жарандар курман болуп жаткандыгына байланыштуу алардын жакындары менен туугандарынын орду толгус кайгы-муңун тең бөлүшөбүз. Мындай апаатка алып келген аракеттердин баарын айыптайбыз, -деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Кыргыз Республикасы аймактагы кырдаалды тынчтык жол менен жөнгө салуу аракеттерин бириктирүүнү каалай турганын кошумчалады:
-Биз, Кыргыз Республикасы БУУнун Уставына жана таанылган эл аралык укук принциптерине ылайык, аймактагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү жактайбыз. Ошондой эле тараптарды сабырдуулукту карманууга, согуш аракеттерин дароо токтотууга жана кырдаалды тынчтык жолу менен гана чечүү үчүн, конструктивдүү диалогго тезирээк кайтып келүү үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүгө чакырабыз, -деп билдирди Садыр Жапаров.
28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Израилге АКШ да кошулду.
Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду. Израилде өзгөчө абал жарыяланды. АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду.
Сүрөт: EPA/ТАСС




