Курманкул Зулушев кызматтан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазган  

  • 2 месяца мурун

Курманкул Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Бул тууралуу  президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов башкы “Азаттыкка” ырастады.

Анын арызы мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт. Ал мындан тышкары президент башкы прокурордун кызмат ордуна прокуратура системасынын ичинен талапкерлерди карап жатканын кошумчалады.

Бүгүн, 3-июнда, башкы прокурор Курманкул Зулушев отставкага кете турганы тууралуу маалыматтар жарыкка чыккан.

Курманкул Зулушев бул кызматка 2020-жылдын октябрь айында дайындалган.  

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 2022- жылы 4-июнда убактылуу кызматынан четтетилген. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүнө байланыштуу экени белгиленди.

Курманкул Зулушев президент Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовду актаган судья катары кеңири таанылган. 

Сүрөттө: Курманкул Зулушев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты