Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отставкага кете турганы айтылууда

  • 2 месяца мурун

Башкы прокурор Курманкул Зулушев отставкага кете турганы тууралуу  Sputnik Кыргызстан өздүк булактарына шилтеме берип жазды.

Болжолдуу маалымат боюнча Зулушев бүгүн кеңешме өткөрүп, кызматтан кетээрин билдирген.  Зулушевдин эмне себептен отставкага кетээри белгисиз.

Курманкул Зулушев бул кызматка 2020-жылдын октябрь айында дайындалган.  

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 2022- жылы 4-июнда убактылуу кызматынан четтетилген. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүнө байланыштуу экени белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты