Курманкул Зулушев кайрылуу жасады   

  • 2 года мурун

Башкы прокурорлуктан убактылуу четтетилген Курманкул Зулушев мекендештерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

-Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевичтин кабыл алган буйругу талкууга жатпайт. Анткени өлкө башчысынын ар бир кабыл алган чечими аткарылууга тийиш.

Калыстык бул ар бир адамдын абийир соту. Мен дагы эч качан калыстыктын таразасын, акыйкаттын ташы жок тарткан эмесмин. Кандай иш болбосун тактап, мыйзам чегинде баа берип келемин. Жөнөкөй жаранбы, мамлекеттик кызматкерби, мыйзам баарына бирдей! Менин милдетим — мыйзамдардын так жана даана аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, деди Курманкул Зулушев.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 4-июнда убактылуу кызматынан четтетилди. Мындай тескемеге Президент Садыр Жапаров кол койду. Тескемеге ылайык, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүнө байланыштуу экени белгиленди. Ошондой эле Алымкадыр Бейшеналиев да кызматынан убактылуу четтетилди.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге башкы прокуратура 7 кылмыш ишин козгогон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты