Курманкул Зулушев башкы прокурор болуп дайындалды
- 4 года мурун
Курманкул Зулушев башкы прокурор болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду.
21-октябрда, Курманкул Зулушевди башкы прокурорлукка дайындоо боюнча Жогорку Кеңеш макулдук берген.
Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты болуп келген.
Муну бөлүшүү