Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетүү арызын берди

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 12-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу Түркияга расмий сапары тууралуу айтып келип, өлкөдөгү саясий оош-кыйыштар болуп кеткенин айтып, өз ыктыяры менен төрагалыктан кетүүнү суранды.

-Мен бир-эки адамга кызмат кылбайм, мен кыргыз элине, парламентине кызмат кылам. Мындан кийин да кыргыз элине, кыргыз парламентине, кыргыз мамлекетине кызмат кылам. Ошондуктан мени бир-эки адамга байлаган туура эмес. 2022-жылы VII чакырылышка төрага болуп шайландым. Ошол күндөн ушул күнгө чейин Кыргыз Республикасынын парламентинин кадыр-баркын арттырууга, маанилүү  мыйзамдарды, чечимдерди кабыл алууга өзүмдүн салымымды коштум деп айта алам,-деди Нурланбек Тургунбек уулу. -Бизде саясий маданият болуш керек, ызы-чуусу жок, ар кандай бүдөмүк ойлорго талкуу жаратпастан, бүгүн, төрага кызматынан өз эрким менен кетүүгө чечим кабыл алдым. Эч ким мага басым, кысым көрсөткөн жок,-деди төрага.

Депутат Жанарбек Акаев Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанга ак кызмат кылганын белгиледи. «Сыймыктанабыз. Кызмат колдун кири, жүзүңүз жарык кетип жатасыз» деди Жанар Акаев.

Улан Примов, Акылбек Түмөнбаев, Камила Талиева, Рустамбек Советбек уулу, Нурланбек Азыгалиев, Курманкул Зулушев, Болотбек Борбиев ж.б. депутаттар да жылуу пикирин билдирди.

Депутат Камила Талиева мындай деди:

-Саясий кырдаал тездик менен өнүгүп жатат. Кандай болгон күндө да алилеттикти туу тутсак. Бирөөнүн артынан бычак сайганды токтотсок. Ушул жерде коллегалар, нары-бери чуркап, артынан бычак урмайды токтотолу дедим. Парламентти төрага бөлүп-жарган жок. Кимди бөлдүк, кимди жардык? Көрүнгөн ушакты, көрүнгөн саясатты жеткирип тургандар болду,-деди Камила Талиева. -Эки досту да ушулар уят кылды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары айтып жатат. Эл бөлүнөп-жарылган жок, ошол бийликтегилер, ошол вице-премьер бөлүп-жарып жатат. Адилеттикти айтканыбыз үчүн мүмкүн биз кодулоолорго калабыз. Саясат таза болбосо, элдин шору. «Эки дос» деп эл эркелетип айтып коет. Эки достун ынтымагын ыдыраткандар болду. Кимиңер Камчыбек Кадыршаевичтей иштедиңер? Келгиле, бир кайрылуу кылалы, токтотолу. Мага кыжалат болуп чалып жатышат. Келгиле, президентке кайрылуу жасайлы. Кимдер бирөө айтышы керек. Болбойт мындай, чогуу келдиңер, кечээтен бери күтүп жатам, жанында жүргөндөр, Умбеталы гана айтты, рахмат ага. Кимдир-бирөө айтар бекен, эки дос урушпаш керек деп айтар бекен дедим. Төрага ошонун курмандыгы болду,-деди Камила Талиева.

Депутат Сүйүн Өмүрзаков кыргызда «келгениңе сүйүнбө, кеткениңе сүйүн дешет» деп депутаттарды сабырдуулукка чакырды. «Ынтымакта, биримдикте бололу» деп билдирди Өмүрзаков.

Депутат Курманкул Зулушев күтүүсүз окуя болгонун айтты. «Бүгүн Нурланбек Тургунбек уулу саясий эркин көрсөтүп, акыркы окуяларга байланыштуу, төрагалыгынан кетип жатат» деди Зулушев.

«Элге, мамлекетке кызмат кылган уулдарыбызды сыйлай билишибиз керек. Бардыгыңыздарды түшүнүү менен мамиле кылууга чакырам. Конституциялык сот (президенттик шайлоо боюнча-ред) корутундусун берет» деди Зулушев.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызматтан кеткенден кийин, Нурланбек Тургунбек уулу да кызматтан кетери айтылып келген.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.

Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

УКМКда структуралык өзгөрүүлөр орун алды. Чек ара кызматы УКМКнын курамынан чыгарылды. Мамлекеттик күзөт кызматы президентке караштуу болду.

Камчыбек Ташиев социалдык тармактар аркылуу комментарий бергенин Нургазы Анаркулов жарыя кылды. Камчыбек Ташиев анын кызматтан алынышы күтүүсүз болгонун, бул күндөрү Германияда дарыланып жатканын билдирди.

Сүрөт: УКМК

            

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты