Ташиев: «Президент бүгүн отставкага кетирсе да ыраазы болуп кете берем»

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда бир карап, колдоду. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттарга ыраазычылык билдирди.

«Мен баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Чынында бул чечимге келүү өтө кыйын болду. Конфликттер, уруш-талаштар болду, өтө чоң кайгыларды башыбыздан өткөрдүк. Ошолордун баарын жеңип өтүп, кайрадан өзүңдүн душманың менен бир столдо отуруп, ошол маселелерди чечип, болгондо да тынчтык жол менен чечишүүгө жетишүү өтө оор болду. Биз ушуга сиздер менен кошо жетиштик. Президентибизге ыраазычылыгымды билдиргим келет. Мен ушуну чече албайт окшойм деп президентке кайрылгам. Ал «экөөбүз чечебиз» деп мени алдыга сүрөдү. Өмүрүмдөгү эң чоң, эң негизги маселени башында туруп чечип бердик. Президент бүгүн чакырып отставкага кетирсе да ыраазы болуп кете берем», — деди Ташиев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты