Курманкул Зулушевдин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 13-мартта, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Курманкул Зулушевдин депутаттык танадатын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу арызын карады.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Жогорку Кеңешинин депутаты Курманкул Зулушевдин ырастамасы жараксыз деп таанылат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу арызын Борбордук шайлоо комиссиясына жазганы белгилүү болгон.

Курманкул Зулушев 2015-2020-жылдары Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты.

2020-2024-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору.

2023-2025-жылдары Эл аралык «Көк-Бөрү» Ассоциациясынын Президенти.

2025-жылы ноябрь айында Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2026-жылы депутаттык мандатын мөөнөтүн мурда тыпшырды.

Сүрөттө: Курманкул Зулушев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты