Депутат Тургунбек уулу Нурланбектин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

  • 2 месяца мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 19-февралда өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Тургунбек уулу ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Бул тууралуу БШК билдирди.

Жогорку Кеңешинин депутаты Нурланбек Тургунбек уулу ырастамасы жараксыз деп таанылат.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшыра турганын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.  

-Ачыгын айтсам, акыркы мезгилдерде ден соолугум жакшы болбой, дары-дармек менен жүрдүм. Муну мени жакындан билгендер жана чогуу иштешкендердин баары эле билишет. Ошол үчүн мындан ары саясаттан оолак болуп, саламаттыгымды карап, жеке жумуштарым менен алек болуу максатында депутаттык мандатты тапшырууну чечтим. Мага чоң ишеним менен добуш берген шайлоочуларыма ыраазычылык билдирүү менен мөөнөтүмөн эрте депутаттыктан кетип жатканым үчүн кечирим сурайм, -деп жазды Тургунбек уулу

12-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу Түркияга расмий сапары тууралуу, өлкөдөгү саясий оош-кыйыштар болуп кеткенин айтып, өз ыктыяры менен төрагалыктан кетүүнү суранган.

Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Жашыруун добуш берүүдө Марлен Маматалиевдин талапкерлигине 77 депутат макулдук берген, каршы 5 добуш берилди.

Сүрөт: Нурланбек Тургунбек уулу. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты