Курманбек Бакиев Садыр Жапаровдун мурдагы жана экс-президенттер менен жолугушуусу тууралуу пикирин айтты  

Мурдагы президент Курманбек Бакиев телефон аркылуу NazarNews маалымат агенттигине 17-февралда Дубайда өткөн Кыргызстандын азыркы жана мурдагы президенттеринин жолугушуусу тууралуу суроолорго жооп берди.

Аны Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Бакиев Фейсбук баракчасына жазды.

– Сөзсүз түрдө оң баалайм. Бул демилге анын саясатчы катары жетилгенин көрсөтөт, биздин мамлекет үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө үчүн дагы азыркы опурталдуу абалда ал коомду ынтымакка келтирүүнү көздөп жатат.

Ал жолугушууда Садыр Жапаровдун өзүнүн жеке кызыкчылыгы болгон эмес. Бардык маселелер менен байланыштуу ал мурдагы президенттерди туш келди күнөөлөп-сындап, популизм жолун тандап алса болмок, бирок Жапаров оңой эмес, анткен менен туура жол тандады жана бул – анын адам катары дагы, саясий жактан да өскөнүн көрсөтөт.

Жалпысынан алганда, жолугушуу тынч эле өттү, ага катышкандардын баары Садыр Жапаровдун демилгесин колдоого алды жана жыйынтыгында – жеке араздашууларды четке чыгарып, элдин биримдиги үчүн тигил – муну, бул – тигини колдогон адам деп элди бөлүп-жарууну токтотуп, иштин мазмундуулугу тууралуу ойлош керек деген чечимге келдик, -деп билдирди Бакиев.

Ал ошондой эле жолугушуу күтүүсүз болгонун айтты жана андагы сөз болгон маселеге да байланышуту суроолорго жооп берди

-Кошумчалай турган дагы бир гана нерсе, мындай форматтагы жолугушуу мен үчүн эле эмес, бардыгыбыз үчүн күтүүсүз болду. Анткени жолугушууга келгендердин биринчи реакциясынан эле байкалып турду.

Атамбаевдин сөздөрүнө анын басма сөз катчысы комментарий берсин, жыйындын башка катышуучулары деле айтпадыбы – баарыбыз аягына чейин отурдук, жеп-ичтик деп. Атамбаевге сөз тийгенде, ал деле Жапаровдун демилгесин колдоду. Бирок бир нече рюмка алгандан кийин ал өз сөздөрүнө ээ болбой калды. Мен ага ал тууралуу акырын айтып койдум эле, ал дааратканага барам деген шылтоо менен чыгып кетти.

2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте жана андан кийин июнда түштүктө курман болгондордун өлүмүнө ким күнөөлүү экенинин акы-чүкүсүн мен азыр талдагым келбейт, бирок анда менин күнөөм такыр жок. Ушул жана башка аны менен байланышкан маселелер боюнча тергөө же сот иштерине катышууга даярмын деп мен мурда эле бир нече жолу айткам, -деди Курманбек Бакиев.  

18-февралда, Президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап, анда Кыргызстандын буга чейинки бардык президенттеринин башын кошкон жолугушуу өткөргөнүн, ал нейтралдуу тарапта болгондугун, анда сөз болгондор тууралуу билдирди.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчы Садыр Жапаров менен жолугушууга бардык мурдагы президенттер катышканын Фейсбуктагы баракчасына жазып чыккан. “Жолугушууга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышты” деп билдирген.

Президент Жапаров Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе, камала турганын «Кабар» агенттигине айтты:

“Эгер Бакиевди алып келе турган болсок, анда Дубайда эмес, Бишкекте эле чогултмакпыз да. Бакиевден башкасынын баары Бишкекке келе алат. Бакиевге соттун чечими бар. Ал келсе камакта олтуруш керек. Соттун чечимдерине баш ийишибиз керек” деген Садыр Жапаров.

Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ал жолугушууну сындап чыккан:

«Өлкөбүздө тынчтыкты жана биримдикти сактоо жана Бакиевдердин кайтып келиши бул эки башка маселе. Экөөнү бириктирүү эки башка жыйынтыкка алып келиши ыктымал. Аябай көп кан төгүлдү, андагы көп нерселер унутта калбашы керек. Албетте, күнөөлүүүлөр жооп бериши керек. Адегенде курман болгондордун жакындары кечириши керек.  Садыр Жапаров менин айтканымды укту жана туура чечим кабыл алат деп ишенем» деди Атамбаев.   

Ал эми мурдагы президент Аскар Акаев Садыр Жапаровдун мурдагы президенттерди чогултуп, жыйын курганы тууралуу буларды айтты:

“Садыр Жапаров ушул шартта мурдагы мамлекет башчыларынын баарын бир дасторконго чогултуп, тарыхта теңдешсиз кадам жасады. Бул, чынында, тарыхый окуя, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун сөзү менен алганда, “Кылымга тете бир күн” болду,-деп айтты Аскар Акаев.

Ал эми Сооронбай Жээнбеков жолугушуу тууралуу буларга токтолгон:

«Кечээ жакында Дубайда өткөн жолугушуубузду Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын президенти катары эл биримдигин бекемдөө максатында уюштурду. Жолугушуунун бир гана максаты – өлкөдөгү ынтымакты чыңдоо, Кыргызстанды күчтүү мамлекет катары өнүктүрүү, калктын жашоосун жакшыртуу экендигин айтты. Ажо коомубузду “баланчанчы, түкүнчөнчү” деп бөлбөйлү деп чакырык таштап жатса, анын бул изги тилегин биз, албетте, колдодук. Жолугуунун катышуучулары баарыбыз тең, толук курамда, аягына чейин отуруп, ар бирибиз колдоо сөздөрүбүздү айттык» деди Жээнбеков.

Кыргыз коомчулугу бул жолугушууга сын пикирлерин билдиришүүдө.

Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарган. Ал бийликке «Жоогазын» революциясынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.

Кыргызстанда Бакиев менен анын жакындары бир нече кылмыш иши боюнча айыпталып, сыртынан соттолушкан. Өзүлөрү айыптоолорду четке кагып келишет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты