Садыр Жапаров «Бакиевди өлкөгө алып келели деп жатасыңарбы?» деген суроого жооп берди

  • 1 год мурун

Бүгүн, 21-февралда президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине маек берди.

Анда ага «Өз постуңузда кечиримдүүлүккө чакырдыңыз. Башкы максаты эмне? Суроомду түз эле берейин, Курманбек Бакиевди өлкөгө алып келели деп жатасыңарбы?» деген суроо берилди.

«Көпчүлүк бул жолугушуу ушул максатты көздөгөнүн жазышууда. Эгер Бакиевди алып келе турган болсок, анда Дубайда эмес, Бишкекте эле чогултмакпыз да. Бакиевден башкасынын баары Бишкекке келе алат. Бакиевге соттун чечими бар. Ал келсе камакта олтуруш керек. Соттун чечимдерине баш ийишибиз керек», — деп жооп берди ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты