Кулубаев ИКУнун Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды караган кезексиз саммитине катышты
- 1 год мурун
15-сентябрда Доха шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жетектеген делегация Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) кезексиз саммитине катышты. Саммиттин иши ИКУга мүчө мамлекеттердин мамлекет, өкмөт, парламент жетекчилери, тышкы иштер министрлери, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Жыйын Катар мамлекетинин эмири, шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин төрагалыгында өтүп, Жакынкы Чыгыштагы учурдагы кырдаалга арналды.
Министр Жээнбек Кулубаев президент Садыр Жапаровдун атынан сөз сүйлөдү. Өзүнүн кайрылуусунда Министр президент кырдаалдын өнүгүшүн тыкыр көзөмөлдөп жатканын жана 2025-жылдын 9-сентябрда Доха шаарына жасалган соккуларды катуу айыптаарын белгиледи. Бул аракеттер эгемендүүлүктү одоно бузуу, аймактык бүтүндүккө кол салуу жана тынч мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудуруу катары бааланды. Ошону менен бирге ал Катар Өкмөтүнүн өлкө коопсуздугун камсыздоого багытталган аракеттерин колдой турганын билдирди.
ТИМ башчысы Кыргызстан бардык куралдуу ыкмаларды колдонуу аркылуу жаңжалдарды чечүүгө каршы экенин белгилеп, дүйнөлүк коомчулукту ок атууну токтотууга жана Газа секторундагы жай тургундарга гуманитардык жардам жеткирүүгө шарт түзүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды.
Министр Кыргыз Республикасынын Палестина элинин өз алдынча чечим кабыл алуу жана көз карандысыз мамлекет түзүү укугун колдоого болгон туруктуу позициясын дагы бир жолу ырастап өттү.
Непалда сентябрь айынын баш жагында көпчүлүк социалдык тармактар менен мессенжерлерге, анын ичинде фейсбук, инстаграмм, вотсап, ютуб ж.б. тыюу салуу чечимине каршы жергиликтүү калк көтөрүлгөн.
Толкундоолордон улам, Непалдын премьер-министри Кхадга Прасад Шарма Оли отставкага кетти.
Буга чейин Непалдын бийлиги 20дан ашык социалдык мессенжерлерге тыюу салуу чечимин артка кайтарды.
Непалдагы массалык толкундоолордо каза болгондордун саны 25 кишиге жетти, 633 киши жаракат алды.
Израилдин армиясы Газа шаарын бомбалоону күчөттү. Палестин расмий адамдары билдиргендей, жекшембиде кеминде 30 турак жай талкаланды, миңдеген киши үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду.
Сүрөттө: ТИМ басма сөз кызматы




