Непалда массалык толкундоолордо каза тапкандардын саны 25 кишиге жеткени айтылды
- 2 месяца мурун
Непалдагы массалык толкундоолордо каза болгондордун саны 25 кишиге жетти, 633 киши жаракат алды. Бул тууралуу 10-сентябрда Reuters агенттиги билдирди.
Толкундоолордон улам, Непалдын премьер-министри Кхадга Прасад Шарма Оли отставкага кетти.
Буга чейин Непалдын бийлиги 20дан ашык социалдык мессенжерлерге тыюу салуу чечимин артка кайтарды.
Непалдын борбору Катманду шаарында мөөнөтсүз коменданттык саат киргизилип, массалык жолугушуулар менен демонстрацияларга тыюу салынды.
Непалда сентябрь айынын баш жагында көпчүлүк социалдык тармактар менен мессенжерлерге, анын ичинде фейсбук, инстаграмм, вотсап, ютуб ж.б. тыюу салынган. Бул чечимге каршы жергиликтүү калк көтөрүлгөн.
Катманду шаарында демонстрация катышуучулары парламент имаратына кирип барышкан, полиция аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана желим ок колдонгон.
Сүрөт: Reuters




