Борбор Азия-Корея: Президент Жапаров биринчи саммитке катышат
- 4 недели мурун
- Жаңылыктар
Садыр Жапаров Корея Республикасынын президенти Ли Чжэ Мёнун чакыруусу менен 15-сентябрдан 18-сентябрга чейин Кореяга расмий сапар менен барат.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Президент “Борбор Азия — Корея” биринчи саммитине катышат.. Анда Сеул декларациясынын кабыл алынышы күтүлүүдө.
Мамлекет башчы ошондой эле Кореянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү.
Сапардын жыйынтыгында экономикалык, инвестициялык, бажы жана башка тармактарда эки тараптуу документтер топтомун кабыл алуу пландалууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




