Непалдын премьер-министри отставкага кетти

  • 2 месяца мурун

Непалдын премьер-министри Кхадга Прасад Шарма Оли отставкага кетти. Бул тууралуу Reuters премьердин жардамчысы Пракаш Силвалдын айткандары боюнча билдирди.

Маалыматка караганда, Оли демонстранттар коменданттык саат тартибин бузуп, полиция менен кагылышкандан кийин отставкага кетүү арызын жазды.

Буга чейин Непалдын бийлиги 20дан ашык социалдык мессенжерлерге тыюу салуу чечимин артка кайтарды. Аларды тыюуга каршы демонстрацияда 19 киши каза тапты.

Z муунунун демонстрациясында 19 киши каза тапкандан кийин, Непал бийлиги мурдагы чечимин кайра кайтарды.

Непалдын борбору Катманду шаарында мөөнөтсүз коменданттык саат киргизилип, массалык жолугушуулар менен демонстрацияларга тыюу салынды  

Непалда сентябрь айынын баш жагында көпчүлүк социалдык тармактар менен мессенжерлерге, анын ичинде фейсбук, инстаграмм, вотсап, ютуб ж.б. тыюу салынган. Бул чечимге каршы жергиликтүү калк көтөрүлгөн.  

Катманду шаарында демонстрация катышуучулары парламент имаратына кирип барышкан, полиция аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана желим ок колдонгон.  

Сүрөт: EPA/ТАСС

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты