Непал: Социалдык тармакты тыюу чечими артка кайтарылды. Демонстрация учурунда 19 киши каза тапты

  • 10 месяцев мурун

Непалдын бийлиги 20дан ашык социалдык тармак жана мессенжерлерге тыюу салуу чечимин артка кайтарды. Аларды тыюуга каршы демонстрацияда 19 киши каза тапты.

Бул тууралуу Рейтер агенттиги Непалдын Министрлер кеңешинин өкүлүнүн билдирүүсүнө таянып кабарлады.

Z муунунун демонстрациясында 19 киши каза тапкандан кийин, Непал бийлиги мурдагы чечимин кайра кайтарды.

Непалдын борбору Катманду шаарында мөөнөтсүз коменданттык саат киргизилип, массалык жолугушуулар менен демонстрацияларга тыюу салынды.  

Непалда сентябрь айынын баш жагында көпчүлүк социалдык тармактар менен мессенжерлерге, анын ичинде фейсбук, инстаграмм, вотсап, ютуб ж.б. тыюу салынган. Бул чечимге каршы жергиликтүү калк көтөрүлгөн.  

Катманду шаарында демонстрация катышуучулары парламент имаратына кирип барышкан, полиция аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана желим ок колдонгон.  

Сүрөт: Reuters агенттиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты