Ереванда биологиялык ар түрдүүлүк боюнча COP-17 лидерлер саммити өтүүдө
- 16 часов мурун
- Жаңылыктар
Садыр Жапаров 15-октябрда Ереван шаарында БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагында өткөн Лидерлер саммитинин расмий ачылыш аземине катышты.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдылды.
Иш-чара өтө турган жерде мамлекет башчысын Армениянын президенти Ваагн Хачатурян жана премьер-министри Никол Пашинян тосуп алышты.
Расмий аземдин жүрүшүндө мамлекеттер жана өкмөттөрдүн башчыларына театралдаштырылган көрсөтүү тартууланды.
Муну бөлүшүү




