«Крокус Ситиде» каза болгондор 137ге жетти, алардын 62си ким экени аныкталды

  • 1 месяц мурун

Орусияда концерттик залдагы куралдуу кол салуудан каза болгондордун саны 24-мартка карата 137ге жетти, алардын 62си ким экени боюнча маалымат такталып, аныкталды.

Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы “Крокус Сити” деп аталган борборго кеминде төрт куралчан адам кирип барып, концерт көргөнү барган адамдарды аткылай баштаган.

Тергөө комитети кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү баштаган.

Орусияда 24-март Аза күтүү күнү деп жарыяланып, каза болгондорду эскеришти.

Каза тапкандардан тышкары жараат алгандар 150дөн ашык адам.

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын, алардын төртөө “теракттын катышуучусу” экенин маалымдады. Ички иштер министрлиги кармалган төрт киши тең чет элдик экенин маалымдады, бирок кайсы өлкөнүн жарандары экенин тактаган жок.

Орус бийлигине жакын бир катар Телеграм-каналдар жана саясатчылар кармалгандар Тажикстандын жарандары же орус паспорту бар тажик улутундагы адамдар экенин жазып чыгышты. Москва расмий түрдө андай маалымат бере элек.

Каза тапкандар же жараат алгандар арасында кыргыз жарандары бар же жогу боюнча маалымат текшерилип жатканын Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 24-мартта кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты