Путин Орусияда 24-март аза күтүү күнү деп жарыялады

  • 1 месяц мурун

Орусиянын президенти Владимир Путин Москванын Красногорск шаарындагы «Крокус сити холлдогу» терактка байланыштуу 24-мартты аза күтүү күнү деп жарыялады.

“24-мартта аза күтүү күнү деп жарыялайм” деди Путин телекайрылууда.

Терактта каза тапкандардын саны 133 кишиге жетти, 100 адам жабыркады.  

Москванын Красногорск шаарындагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында 22-мартта ок атылды. Орусиянын Тергөө комитети «теракт» боюнча кылмыш ишин козгогону маалым болду.

Маалыматка караганда, «Крокус Сити Холл» концерттик залында «Пикник» рок-н-ролл тобунун концертинин алдында белгисиз бирөөлөр автоматтан ок чыгарган.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты