Москва: Концерттик залда ок атуудан ондогон киши набыт болду

  • 2 месяца мурун

Москванын Красногорск шаарындагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында ок атуу болду.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) кандуу окуяда 40 адам каза болгонун, 100дөн ашуун киши жарадар экенин билдирди. Тергөө комитети «теракт» боюнча кылмыш ишин козгогону маалым болду.

Орус маалымат каражаттары жана айрым расмий бийлик өкүлдөрү кандуу окуяны «теракт» деп атап жатышат.

Маалыматка караганда, «Крокус Сити Холл» концерттик залында «Пикник» рок-н-ролл тобунун концертинин алдында белгисиз бирөөлөр автоматтан ок чыгарган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова окуяны «кандуу террордук чабуул» деп атады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 22-мартта «Крокус сити холлдо» болгон каргашалуу окуяда жабыркаган жарандар тууралуу маалыматты тактоо иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Министрликтин маалыматында, жабыркагандардын алдын ала берилген тизмесиндеги Кыргызстандын эки жараны тууралуу маалымат такталган жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты