“Крокус Ситиде” теракт учурунда каза тапты деген кыргызстандык тирүү экенин элчилик билдирди 

  • 1 месяц мурун

Кыргызстандын РФдагы элчилиги, ал жактагы кыргызстандык жарандардын маалыматына таянып, социалдык тармактарда жазылган Шерзод Тургунбаев «Крокус Ситиде» теракт болгон 22-мартта ал жакта иштебегенин жана акыркы маалыматтар боюнча тирүү экенин билдирди.  

Маалыматка караганда, кыргызстандык Тургунбаев акыркы убакта жакындары менен байланышта болгон эмес.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги “Крокус Ситиде” теракт учурунда иштеп жаткан кыргызстандык эки кызды издөө иштерин улантып жатканын билдирди.

Элчиликтин кызматкерлери алардын жакындары жана медициналык кызматкерлер менен байланышта экенин билдирди.  

Социалдык тармакта укук коргоочу Азиза Абдирасулова «Крокус Ситиде» кыргызстандык Шарзод Турганбаевдин каза болгонун жазган.

Москванын Красногорск шаарындагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында 22-мартта ок атылды. Орусиянын Тергөө комитети «теракт» боюнча кылмыш ишин козгогону маалым болду.

Маалыматка караганда, «Крокус Сити Холл» концерттик залында «Пикник» рок-н-ролл тобунун концертинин алдында белгисиз бирөөлөр автоматтан ок чыгарган.

Терактта каза тапкандардын саны 150 кишиден ашты, 100дөн ашык адам жабыркады.  

Орусиянын президенти Владимир Путин Москванын Красногорск шаарындагы «Крокус сити холлдогу» терактка байланыштуу 24-мартты аза күтүү күнү деп жарыялады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты