Орусия аймагына кирүүнүн жаңы эрежелери талап кылынат

  • 4 недели мурун

Россия өкмөтүнүн 2024-жылдын 7-ноябрындагы № 1510 токтомуна ылайык, 2025-жылдын 30-июнунан тартып, Россия аймагына кирүүнү пландаштырган чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына, ал өлкөгө кирүүгө чейин, 72 сааттан кечиктирбестен, баруунун жана анын аймагында жүрүүнүн (жашоо) максатын көрсөтүү менен мобилдик тиркеме аркылуу тиешелүү арыз берүү талап кылынат.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Шашылыш дарылануу, катуу оору же жакындарынын өлүмүнө байланыштуу жагдайларда, аны тиешелүү  документтер менен ырастоо аркылуу, Россияга кирүүгө чейин 4 сааттан кечиктирилбестен, мобилдик тиркеме аркылуу кабарлашы зарыл.

Маалымат үчүн: Азыркы учурда, чет өлкөлүктөр үчүн “Госуслуги” тиркемесинин аналогу боло турган “RuID” тиркемеси иштелип жатат.

Россиянын аймагына кирүү үчүн чет өлкөлүк жаран тарабынан мобилдик тиркеме аркылуу арыз берүү — биринчи кезекте, анын чет өлкөлүк жаран тууралуу маалыматтардын топтомун камтыган санариптик профилди түзүү үчүн зарыл.

Чет өлкөлүк жарандын санариптик профилинин болушу келечекте анын мамлекеттик кызматтарды алууда Россиянын мамлекеттик органдары жана уюмдары менен электрондук формада өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Россия Федерациясынын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, өлкөнүн мыйзамдарында, эгерде, чет өлкөлүк жаран тарабынан мобилдик тиркеме аркылуу арыз берилбесе, аны Россиянын мамлекеттик чек арасынан өткөрүүдөн баш тартуу үчүн негиз катары каралбайт.

Ошол эле учурда, чет өлкөлүк жарандын Россия аймагына кирүүсү тууралуу чечим – Россия мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пунктунда  кабыл алынат.

Буга байланыштуу, элчилик, Кыргыз Республикасынын жарандарына Россияга кирүүнүн жаңы эрежелери менен алдын-ала таанышып алууну сунуштайт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты