ТИМ Орусиядагы мекендештерге “кара тизмеден” чыгуу мүмкүнчүлүгү берилгенин эскертти
- 1 месяц мурун
Орусия аймагында жүрүп, ар кандай себептерден улам миграциялык мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге (кара тизмеге) түшүп калган Кыргызстандын жарандары үчүн 2025-жылдын сентябрына чейин өзүнүн укуктук абалын жакшыртып алууга жана тизмеден чыгууга мүмкүнчүлүк берилгенин тышкы иштер министрлиги дагы бир жолу эске салды.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Учурда 70 миңге жакын мекендешибиз кара тизмеде, бирок ушул күнгө чейин болгону 3 миңге жакын адам гана реестрден чыккан.
Тышкы иштер министрлиги аймактык миграция бөлүмдөрүнө же Кыргызстандын Россиядагы элчилигине жана консулдук мекемелерине кайрылып, керектүү маалыматтарды тактап, укуктук абалды мыйзамдаштыруу жол-жоболорун баштоону эскертет.
1-сентябрга чейин жогоруда белгиленген реестрден чыкпасаңыздар, депортация болосуздар.
Көзөмөлдөөчү реестрден чыгуу үчүн төмөнкү аракеттер талап кылынат:
— Аймактык миграциялык бөлүмгө кайрылып, көзөмөлдөөчү реестрге түшүүңүздүн себебин тактаңыз.
Эгерде дактилоскопия (манжа издерин тапшыруу), медициналык кароо сыяктуу процедуралардан өтө элек болсоңуз:
-Москва шаарында жашагандар Сахарово миграциялык борборуна;
-Аймактарда жашагандар РФ ИИМдин тиешелүү миграциялык бөлүмдөрүнө кайрылышы керек;
— Эмгек келишимин түзүү – негизги талап. Кыргыз Республикасы ЕАЭБге мүчө мамлекет болгондуктан, бул негизги шарт болуп саналат.
Эмгек келишимдин негизинде:
-Миграциялык картанын жана каттоонун мөөнөтү узартылат;
-Жашаган дареги боюнча каттоо жүргүзүлөт;
— Документтерде кемчилик болсо (мисалы, каттоонун же келишимдин мөөнөтү өтүп кеткен болсо) – административдик жоопкерчиликке тартылып, 5000–7000 рубль өлчөмүндө айыппул салынат. Айып төлөнгөн соң, документтер мыйзамдаштырылат.
Бул процедураларды 2025-жылдын 1-сентябрына чейин бүтүрүү керек.
Ошондой эле россиялык тарап ички иштер бөлүмдөрүнүн иштөө убактысын дагы эки саатка узартты.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан