Россияда мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандар мажбурлап чыгарууга дуушар болот
- 10 месяцев мурун
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2025-жылдын 10-сентябрында Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу мөөнөтү аяктаганын маалымдады. 11-сентябрдан тартып Россияда мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандар мажбурлап чыгарууга дуушар болот.
Россия тараптын маалыматына ылайык, ушул жылдын сентябрь айынын башында көзөмөлдөгү адамдардын реестрине Кыргыз Республикасынын 85 962 жараны киргизилген, ал эми эң жогорку көрсөткүч 2025-жылдын июнь айында болгон, анда болжол менен 113 миң киши аталган тизмеде болгон. Жалпысынан 2025-жылдын январь–сентябрь айларынын ичинде реестрден Кыргыз Республикасынын 98 670 жараны чыгарылган. Анын ичинен: 14 584 КР жараны өз макамын Россиядан чыкпай жөнгө салуу үчүн компетенттүү органдарга кайрылуу жолу менен, ал эми 84 086 жаран РФ аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу реестрден чыгарылган.
«2025-жылдын 11-сентябрынан тартып өзүнүн статусун жөнгө салбаган жана Россия Федерациясынын аймагында мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандар мажбурлап чыгарууга жана андан ары өлкөгө кирүүгө тыюу салууга дуушар болот. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги мындан ары да Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында россиялык тарап менен өз ара кызматташтыкты улантат» деп айтылат маалыматта.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




