Президенттин Орусияга иш сапары аяктады

  • 1 неделя мурун

Президенти Садыр Жапаровдун Орусига 8-9-майда болгон иш сапары аяктады.

Президенттин сайтында айтылгандай, сапардын биринчи күнүндө Мамлекет башчы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата уюштурулган концерттик программага катышты.

Иш-чаранын алдында Садыр Жапаровду Орусия президенти Владимир Путин тосуп алды.

Президенттин Орусияга иш сапары аяктады
Фото: РИА Новости». Алексей Никольский / Фотохост-агентство РИА Новости

9-майда президент Жапаров Москва шаарындагы Кызыл аянтта өткөн аскердик парадга катышты.

Маалыматта айтылгандай, салтанаттуу иш-чарага 10 миңге жакын адам катышып, 130дан ашык аскердик техника жана авиация тартылган. Жөө колонна менен салтка айлангандай аскерлер параддан өтүштү.

Парадга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын параддык бөлүгү катышып, Орусиянын башкы аянтында өлкө атынан татыктуу чыгып, саптык даярдыктын жогорку деңгээлин көрсөтүштү.

Парадга ошондой эле Беларусь лидери Александр Лукашенко, Казакстандыкы — Касым-Жомарт Токаев, Кытай лидери Си Цзиньпин, Россия лидери Владимир Путин, Тажикстандыкы — Эмомали Рахмон, Түркмөнстандыкы — Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев катышты.

Ошондой эле Армения, Буркина-Фасо, Босния жана Герцеговина, Бразилия, Вьетнам, Венесуэла, Гвинея-Бисау, Египет, Зимбабве, Конго, Куба, Монголия, Мьянма, Палестина, Сербия, Словакия, Экватордук Гвинея жана Эфиопиянын мамлекет башчылары жана премьер-министрлери да чакырылган.

Параддын соңунда мамлекет башчылары Россиянын президенти Владимир Путин менен бирге согушта курман болгондордун элесине таазим этип, Александр бакчасындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюшту.

Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, 9-майда Бишкекке кайтып келди.

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты