“Крокус Ситиде” эрдик көрсөткөндөр КР министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды           

  • 4 недели мурун

«Крокус Сити Холл» концерттик залында кайгылуу окуя болгон күнү жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууда көрсөткөн эрдиги, кайратмандыгы жана каармандыгы үчүн Кыргызстандын жарандары Ислам Халиловго, Рустам Бакытбековго, Белек  Каныбековго эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Ардак грамоталары тапшырылды.

Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы Фейсбук баракчасы аркылуу маалымдады.

Сыйлыкты кечээ , 28-мартта, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Жаркынай Галиева тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө өкүлчүлүктүн жетекчиси министр Гүлнара Баатырованын атынан жаштарга, ошондой эле алардын ата-энелерине баатыр жана жан аябас уулдарын тарбиялаганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ислам Халиловдун, Рустам Бактыбековдун жана Белек Каныбековдун эрдиги, чыныгы эр жүрөк жана татыктуу муун өсүп келе жатканын ырастай турганын белгиледи.

“Крокус Ситиде” эрдик көрсөткөндөр КР министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды           
“Крокус Ситиде” эрдик көрсөткөндөр КР министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды           

“Крокус Сити Холлго” куралдуу кол салуу 22-мартта болгон. Имараттагы 6 миңден ашык адамдын кеминде 143ү каза тапты. Бул окуяга «Ислам мамлекети» террордук уюмунун ооган канаты катышканын жарыялады. Алар ок аткандардын биринин денесине орнотулган камерадан тартылган чабуулдун видеосун жарыялашты.

Орусия президенти Владимир Путин бул иште Украинанын изи бар экенин айткан. Киев бул окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.

22-марттагы окуядан кийин Орусияда терроризм боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө комитети буга чейин 12 шектүү кармалганын билдирген. Алардын сегизи камакка алынганы белгилүү.

Буга чейин орусиялык Телеграм-каналда кийим илгичте иштеген өспүрүм бала теракт учурунда 100 дөн ашык адамды аман-эсен куткарып калганын жазган. Анын аты-жөнү Ислам Халилов, кыргызстандык бала болуп чыкты.

Сүрөт: Министрликтин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты