«Крокус Ситиде» кыргызстандык өспүрүм 100дөн ашуун кишини аман алып калган

Орусиялык Телеграм-каналда кийим илгичте иштеген өспүрүм бала теракт учурунда 100 дөн ашык адамды аман-эсен куткарып калганын жазган. Анын аты-жөнү Ислам Халилов, кыргызстандык бала болуп чыкты.

Өспүрүм администраторлорго өзгөчө кырдаал учуруна карата инструкция өтүлгөнүн айтып берген. Эл жол таппай, башка жакка агылганын көрүп, кууш жер аркылуу өткөрүп, «Экспо» тарапка, анан кызматтык бөлмө аркылуу эшикке алып чыккан.

«Азаттык» бул баланын аты-жөнүн тактап, кенен маалымат берди: Ишенимдүү булагы ал 15 жаштагы Ислам Халилов экенин айтып берген:

-15 жаштагы Ислам Халилов Москва шаарындагы мектептердин биринде 8-класста окуйт. Ал орус жарандыгын алган кыргызстандык үй-бүлөнүн уулу. Анын ата-энеси 15 жыл мурун Орусияга иштегени барып, Ислам Москвада чоңойгон. Окуя болгон күнү өспүрүм «Крокус Ситиде» иштеп жаткан:

«Ислам ал жерде бир жылдан бери иштейт. Окуя болгон күнү да мектептен кийин ишине барган экен. Ал концерттик холлдун кийим илген жеринде иштейт. Өзүнүн айтымында, окуя башталганда түшүнүксүз добуштар чыга баштаган. Ислам мага башында кызматкерлер түшүнбөгөнүн, бирок теракт тууралуу имараттын жетекчилиги айткан эрежелерди эстегенин айтып берди. Мекеме массалык маалымат каражаттарындагы акыркы кездеги теракт тууралуу кабар жана эскертүүлөрдөн улам кызматкерлери үчүн атайын окутуу жүргүзгөн экен. «Карасам элдин көбү сыртка чыга турган эшикке бараткан. Бирок айрымдары такыр башка багытка жөнөптүр. Мен алардын баарын кызматчылар чыкчу эшикке алып жөнөдүм. Адам көп болуп, кезекке туруп калышты. Мен «Крокус Экспонун» эшиги тараптан чыгып кетүүгө мүмкүн болорун байкап, элди ошол жакка чакыра баштадым» деп айтып берди».

«Крокус Ситиде» Исламдан башка дагы кыргызстандыктар иштейт.

Москванын Красногорск шаарындагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында 22-мартта ок атылды. Орусиянын Тергөө комитети «теракт» боюнча кылмыш ишин козгогону маалым болду.

Маалыматка караганда, «Крокус Сити Холл» концерттик залында «Пикник» рок-н-ролл тобунун концертинин алдында белгисиз бирөөлөр автоматтан ок чыгарган.

Терактта каза тапкандардын саны 133 кишиге жетти, 100 адам жабыркады.  

Орусиянын президенти Владимир Путин Москванын Красногорск шаарындагы «Крокус сити холлдогу» терактка байланыштуу 24-мартты аза күтүү күнү деп жарыялады.

Сүрөт жана видео: Социалдык тармактан алынган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты