«Крокус Ситидеги» кол салууга шектүүлөр эки айга камакка алынды

  • 1 месяц мурун

Москва шаарынын Басман райондук соту “Крокус Сити Холл” концерттик залындагы кол салууга шектүүлөрдү 22-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Камакка алынган Далержон Мирзоев, Муродали Рачабализоде, Мухаммадсобир Файзов жана Шамсидин Фаридун террорчулукка айыпталып жатат. Шектүүлөрдүн айыбы далилденсе, өмүрүнүн аягына чейин соттолушу мүмкүн.

Шектүүлөрдүн соту жабык өттү.

Орусияда концерттик залдагы куралдуу кол салуудан каза болгондордун саны 24-мартка карата 137ге жетти, алардын 62си ким экени боюнча маалымат такталып, аныкталды.

Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы “Крокус Сити” деп аталган борборго кеминде төрт куралчан адам кирип барып, концерт көргөнү барган адамдарды аткылай баштаган.

Тергөө комитети кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү баштаган.

Каза тапкандардан тышкары жараат алгандар 150дөн ашык адам.

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын, алардын төртөө “теракттын катышуучусу” экенин маалымдады.

Каза тапкандар же жараат алгандар арасында кыргыз жарандары бар же жогу боюнча маалымат текшерилип жатканын Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 24-мартта кабарлады.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты