УКМК соңку 5 жылда мамлекетке 352 миллиард сомдук каржы активдерин, мүлктү кайтарган
- 3 недели мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөшүү чараларынын жана тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 352 миллиард сом (4,14 миллиард АКШ долларына барабар) каржылык активдер, мамлекеттик мүлк, жер участоктору жана башка материалдык баалуулуктар түрүндө кайтарылып берилгенин маалымдады.
Бул тууралуу бүгүн, 29-январда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде 2025-жылга карата жыл жыйынтыгын чыгарууга арналган коллегиялык жыйында белгилүү болду.
Коллегиянын ишине УКМКнын борбордук, жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Жыйында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууда, мыйзамдуулукту жана тартипти чыңдоодо, уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш тууралуу белгиледи.
Отчеттук мезгилде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө, кызмат адамдарынын мыйзамсыз ишмердүүлүгүн аныктоого жана алдын алууга, ошондой эле мамлекеттик түзүмдөрдөгү коррупциялык элементтерди жок кылууга өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле, коллегиянын жүрүшүндө акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөшүү чараларынын жана тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 352 миллиард сом (4,14 миллиард АКШ долларына барабар) каржылык активдер, мамлекеттик мүлк, жер участоктору жана башка материалдык баалуулуктар түрүндө кайтарылып берилгени маалымдалды.
Көрсөтүлгөн каражаттар толугу менен Кыргыз Республикасынын президентинин турукташтыруу фондунун атайын эсебине которулган жана мамлекет башчынын жеке буйругу менен гана социалдык жактан маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана республиканын жарандарынын бакубат жашоосун жогорулатууга жумшалат.
Сүрөт: УКМК




