Консулдук кызматкерлери Азамат Нурмат уулу жаткан Стамбулдагы  “Малтепе” абагына барышты  

  • 9 месяцев мурун

Тышкы иштер министрлиги Түркияда кармалган Кыргыз Республикасынын жараны Азамат Нурмат уулу (Азамат Нурматов) жаткан Стамбул шаарындагы “Малтепе” абагына консулдук кызматкерлер барганын билдирди.

ТИМ басма сөз кызматы билдиргендей, 29-апрелде Тышкы иштер министрлигинде Азамат Нурмат уулунун үй-бүлөсү, адвокаты жана Стамбул шаарындагы башкы консулдуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда видеоконференция өткөрүлдү. Адвокат Азамат Нурмат уулунун  укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Башкы консулдуктун кызматкерлери «Малтепе» абагына барышып, анын жетекчилиги менен жакын арада Азамат Нурмат уулунун туугандары менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүн уюштуруу маселесин билдиришти.

Маселе КР Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө көзөмөлүндө тургандыгы маалымдалды.

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазинв буга чейин билдиргендей, Азамат Нурмат уулу Фетхуллах Гулендин кыймылына байланыштуу кармалган.  

Математика боюнча эл аралык олимпиаданын 2-туруна катышуу үчүн окуучуларды коштоп жүргөн кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу (Азамат Нурматов) Түркиянын аэропортунда кармалгандыгы тууралуу маалыматтар чыккан. Ал “Маариф” фондунун (мурдагы Сапат) Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими экени айтылган.

Билим берүү жана илим министрлиги Каракол шаарындагы Кусеин Карасаев атындагы балдар лицейинин мугалими Азамат Нурматовдун (Азамат Нурмат уулу) Түркияда кармалгандыгы боюнча тараган маалыматтарга байланыштуу 24-апрелде билдирүү таратты.

«Билим берүү жана илим министрлиги Анталья шаарындагы эл аралык математика олимпиадасына мектеп окуучуларынын катышуусуна жана алардын өлкөдөн чыгуусуна эч кандай тиешеси жок экенин билдирет. Бул сапардын бардык уюштуруу маселелери, анын ичинде тандоо, коштоп баруу жана логистика маселелери жеке «Zeen Education» билим берүү компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн» деп айтылат маалыматта.

«Zeen Education» компаниясынын директору Айнура Мамашариптин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 20-апрелинде Кыргызстандан 36 окуучу, 4 ата-эне жана 3 мугалимден турган делегация олимпиаданын уюштуруучуларынын чакыруусу менен Анталья шаарына барышкан. (Баргандардын алгачкы тобу мурдараак кайтып келген). Окуучулар ата-энелеринин макулдугу менен «Zeen» компаниясынын өкүлдөрүнүн коштоосунда сапарга чыгышкан. Олимпиадага баргандардын бир бөлүгү мурдараак кайтып келген.

Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы башкы консулдугунун маалыматына ылайык, Анталья шаарында өткөн математика боюнча эл аралык олимпиаданын бардык катышуучулары, анын ичинде 26 окуучу, 3 ата-эне жана 2 мугалим Кыргызстанга кайтып келди.

Сүрөттө: Түркиядан кармалган мугалим Азамат Нурмат уулу. Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты