Конституцияга өлүм жазасын киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды
- 1 месяц мурун
«Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Аны президенттик администрация иштеп чыкты.
Сунушталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жарыяланды.
Мыйзам долбоорунун максаты балдардын жана аялдардын өмүрүн жана ден соолугун кылмыштуу кол салуулардан сактоону жана коргоону камсыз кылуу болуп саналат деп айтылат.
Конституциянын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүү сунушталууда:
“1. Ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ. Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салууга жол берилбейт. Эч кимдин өмүрү өзүм билемдик менен кыйылышы мүмкүн эмес. Өлүм жазасы балдарды зордуктоо, зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн гана мыйзам менен белгилениши мүмкүн.”
Мыйзам долбоору коомдук талкууга 28-октябрга чейин коюлат. Сунуштар онлайн түрүндө кабыл алынмакчы.
3-октябрга караган түнү Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунун Ынтымак көчөсүндө жайгашкан үйдүн биринде 34 жаштагы жана 36 жаштагы бир туугандарды өлтүрүү фактысы катталган. Аталган факт маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, окуя болгон жерге ИИМдин жетекчилиги жана ыкчам — тергөө тобу барган учурда, аталган үйдүн ичинен 1991-жылы туулган И. у.Э. жана анын бир тууган эжеси 1987-жылы туулган Б.А.нын сөөгү табылган.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси «адам өлтүрүү» менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Алдын ала маалыматка ылайык, судмедэксперттер менен кароо учурунда маркум И.у.Эге 18 жолу, ал эми анын бир тууган эжеси Б.А.га 11 жолу бычак сайылгандыгы маалым болгон.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды.
Тергөө ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү боюнча толук маалыматтар жана фактылар чогултулуп, ал 2006-жылы туулган И.С. экендиги аныкталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү И.С. коомдук жайларда орнотулган ИИМдин “Коопсуз өлкө” долбоорунун тутумуна кошулган жүздү таануу көзөмөл камералардын жардамы менен кармалып, тергөө кызматына жеткирилди.
Президент Садыр Жапаров балдарга, кыз-келиндерге карата жасалган кылмыштарга карата жоопкерчиликти күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү боюнча иш алып баруу тапшырмасын бергени айтылган. Тактап айтканда, жаш балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




