Курултайдын делегаты өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 26-декабрда, курултайдын экинчи күнүндө Бишкек шаарынан шайланган делегаты Гарба Орозматов өлүм жазасын киргизүү керек экенин билдирди.

-Айрым адамдарга менин кайрылуум жакпай калышы мүмкүн, бирок ачуу чындыкты айтып чыгышым керек болуп жатат. Конституциялык сот карап чыгат деген ойдобуз. Кыргыз Республикасына олуттуу зыян келтирген коррпуционерлер менен баш балдар-кыздарыбызга ыдык, зордук-зомбулук көрсөткөндөргө өлүм жазасын сунуштаар элем. Албетте, мунун тиешелүү органдар тактап чыгып, аткаруу зарыл. Антпесе, “бөрк ал десе, баш ал” болуп кетпесин деген ойдомун,-деди делегат.  

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаарында курултайдын экинчи күнү өтүүдө.  

Курултайдын делегаты көтөргөн маселе боюнча Конституциялык сот өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Конституцияга ылайык келбейт, жол берилгис жана укуктук мааниде мүмкүн эмес деген тыянакка келди.

Бул тууралуу Конституциялык сот 10-декабрда президенттин “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамынын долбооруна корутундусунда билдирди.

Конституциялык сот 10-декабрда  “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна корутунду берүү боюнча президенттин сунуштамасын карап чыкты. Долбоордо балдарды зордуктоо, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн өлүм жазасын колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган.

“Жашоого болгон укук жана өлүм жазасына тыюу салуу кылмыш-жаза саясатынын, сот адилеттигинин мазмунунун, укук коргоо органдарынын жана пенитенциардык системанын ишинин стандарттарын белгилеген система түзүүчү принциптер болуп кызмат кылат. Конституциялык түзөтүү аркылуу өлүм жазасын калыбына келтирүү бул стандарттардан баш тартууну, укуктук өнүгүүнүн ырааттуулугун үзгүлтүккө учуроосун, инсандын кадыр-баркынын артыкчылыгына жана анын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиктерин бекемдөөгө багытталган конституциялык вектордон четтөөнү билдирет» деп айтылат корутундуда.

Иллюстрациялык сот: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты