ИИМ Бишкектин Ак-Ордо конушунда киши өлтүрүү фактысы боюнча шектүүнү издөөдө
- 1 месяц мурун
- Видео
3-октябрга караган түнү Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунун Ынтымак көчөсүндө жайгашкан үйдүн биринде адам өлтүрүү фактысы катталган.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Кылмышка шектүү көзөмөл камераларына түшүп калган жана окуя болгон жерден баш кийим (кепка) табылган.
«Маркумдардын туугандары бул иштин кандайдыр бир жагдайларын жарыялоого каршы экенин эске алып, кошумча маалымат берүүдөн баш тартабыз. Тергөөнүн аякташы жана шектүү жаран кармалгандан кийин, коомчулукка расмий маалымат берилет» деп билдирди ИИМ.
Социалдык тармактардагы маалыматтарга караганда, шектүү түн ичинде жаңы конуштагы аталган үйдөн бир кишини (34 жашта) жана аялды (36 жашта) бычактап өлтүргөн. Алар бир туугандар болгону айтылууда. Ошол учурда үйдөгү дагы бир аял киши балдары менен качып чыкканга үлгүргөндүгү белгиленди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
ИИМ эгерде сүрөттөгү жана видеодогу адамды таанып же анын жүргөн жери жөнүндө маалымат билсеңиздер, төмөнкү телефон номурлары аркылуу кабарлап коюуңуздарды өтүнөт: 0 772 144 239, 0 556 848 080, 102.
Сүрөттө: шектүү. mvd.gov.kg




