Конституциялык сот президенттин шайлоо мөөнөтү боюнча сунуштамасын кароого киришти
- 3 недели мурун
17-февралда Конституциялык сот президенттин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын айрым беренелерин чечмелөө жөнүндө сунуштамасын кароого киришти.
“Кароо жазуу жүзүндөгү жол-жобо тартибинде (тараптардын катышуусуз) жүргүзүлөт. Кароо жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынып, Конституциялык сотунун расмий сайтында жарыяланууга тийиш” деп билдирди Конституциялык сот.
Садыр Жапаров Конституциялык сотко Конституция боюнча президенттик шайлоо мөөнөтү тууралуу расмий түшүндүрмө берүү өтүнүчү менен кайрылган. Маалыматта айтылгандай, президент Садыр Жапаров Конституциянын 67-беренеси, 68-беренесинин 2-бөлүгүнүн абзацы, 72-беренесинин 1-бөлүгү ( 2021-жылдын 5-майындагы мыйзамдын редакциясы) жана алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларына ылайык өз ара системалуу байланышы (Конституциянын 2010-жылдын 27-июнундагы редакциясы) жана 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган 2011-жылдын 11-апрелиндеги Конституция тууралуу мыйзамынын жоболору боюнча президентти шайлоо жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо тартиби боюнча расмий түшүндүрмө берүүнү өтүндү.




