Конституциялык сотко өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам долбооруна корутунду берүү суроо-талабы түштү
- 1 месяц мурун
Конституциялык сотко «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамынын долбооруна корутунду берүү тууралуу президенттин сунуштамасы келип түштү.
Бул тууралуу Конституциялык сот билдирди.
“Долбоор менен Конституциянын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштар, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон өлтүрүү үчүн жазалоонун өзгөчө чарасы катары өлүм жазасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн караган өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Тиркелген материалдарда көрсөтүлгөндөй, бул демилге балдарга жана аялдарга каршы өзгөчө оор кылмыштардын санынын өсүшү менен шартталган жана алардын конституциялык-укуктук жактан корголушун күчөтүүгө багытталган” деп айтылат билдирүүдө.
Сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелери менен байланышкан маселелерди кийинки укуктук жана башка зарыл болгон жол-жоболордун алкагында чечүү болжолдонууда.
Президент Конституциянын 116-беренесинин 4-бөлүгүн жетекчиликке алып, аталган мыйзам долбооруна расмий корутунду берүү суроо-талабын жөнөткөн.
Президент Садыр Жапаров 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө байланыштуу өлкөдө аялдарга жана балдарга карата жасалып жаткан оор кылмыштарга жаза чараларын күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Мамлекет башчынын айтымында, педофилия жана адам өлтүрүү сыяктуу оор кылмыштарга өлүм жазасын колдонуу боюнча коомчулуктан сунуштар түшүүдө. Бул маселе коомдук талкууга коюлуп, андан соң референдум аркылуу чечилмекчи.
Эгер коомчулук колдосо, Конституциянын 25-беренесине өзгөртүү киргизилип, эл аралык келишимдерден чыгуу маселеси да каралат.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева омбудсмен институту өлүм жазасын кайтаруу боюнча сунуштарга өзүнүн пикирин, 2023-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары Конституциялык сотко кайрылып, өлүм жазасына тыюу салууну кайра карап чыгууну сунушташканда билдиргенин айтты. Андан бери институттун бул маселеге көз-карашы өзгөрбөгөнүн белгилеп өттү. Анткени, өлүм жазасын кайтаруу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине, тактап айтканда өлкө 2010-жылы ратификациялаган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын өлүм жазасын жоюуга багытталган экинчи факультативдик протоколуна каршы келет.
«Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору долбоору коомдук талкууга чыгарылган. Аны президенттик администрация иштеп чыкты.
Сунушталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жарыяланды.
Мыйзам долбоорунун максаты балдардын жана аялдардын өмүрүн жана ден соолугун кылмыштуу кол салуулардан сактоону жана коргоону камсыз кылуу болуп саналат деп айтылат.
Конституциянын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүү сунушталууда:
“1. Ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ. Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салууга жол берилбейт. Эч кимдин өмүрү өзүм билемдик менен кыйылышы мүмкүн эмес. Өлүм жазасы балдарды зордуктоо, зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн гана мыйзам менен белгилениши мүмкүн.”
Сүрөттө: Конституциялык сот имараты. constsot.kg




