«Президент кыз-келиндерге, балдарга жасалган кылмыштарга жоопкерчиликти күчөтүүнү тапшырды». Өлүм жазасын киргизүү аракети башталды
- 10 месяцев мурун
Президент Садыр Жапаров балдарга, кыз-келиндерге карата жасалган кылмыштарга карата жоопкерчиликти күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү боюнча иш алып баруу тапшырмасын берди. Тактап айтканда, жаш балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү.
Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов Фейсбук баракчасында билдирди.
“Киши колдуу болуп мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүм кыз Айсулуунун ишинин тергелиши президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө. Коомчулукту нес кылган бул кылмыш тууралуу кабарды мамлекет башчыбыз терең өкүнүч менен кабыл алды. Ошол эле учурда, мамлекет башчы президенттик администрациянын укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушевге балдарга, кыз-келиндерге карата жасалган кылмыштарга карата жоопкерчиликти күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү боюнча иш алып баруу тапшырмасын берди. Тактап айтканда, жаш балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү” деп жазды Алакөзов.
Президент айрыкча жаш балдарга жана кыз-келиндерге карата кылынган кылмыштар жазасыз калбашы керек деген позицияда экени белгиленди.
27-сентябрь күнү 17 жаштагы Айсулуу Мукашева мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.
27-сентябрда болжол менен саат 12:45 чамасында Барскоон айылына күн чыгыш тарабынан кирип бара жаткан май куюучу жайдын биринин видео көзөмөл камерасынан дайынсыз болуп жаткан М.А. «Honda Stream» үлгүсүндөгү автоунаага отуруп кеткендиги аныкталган. Унааны А.К. аттуу адам башкаргандыгы белгилүү болуп, шектүүнү кармоо максатында «Кармоо планы» киргизилген.
Шектүү А.К. ошол эле күнү М.А.ны Honda Stream үлгүсүндөгү авто унаасына салып, Жеңиш айылынын «Азамат» пляжынын түштүк тарабында жайгашкан алма багына алып барган. Ал жерде болжол менен саат 13:00 чамасында жабырлануучуга күч колдонуп зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөндүгү аныкталган.
Аталган факты Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Сүрөт: president.kg




