33 жыл мурда Конституция кабыл алынган. Куттуктоо

  • 2 недели мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, кыргызстандыктарды өлкөнүн Конституция күнү менен куттуктады.

-33 жыл мурда Конституциябызды кабыл алып, өз тагдырыбызды аныктап, ошону менен бирге көз каранды эмес мамлекеттүүлүгүбүздүн пайдубалын түптөп, адам укуктары менен эркиндигин жогорку баалуулуктар деп жарыялаганбыз.Конституциябыз – эң жогорку юридикалык күчкө ээ укуктук акт. Ал – улуттук идеологиябыздын булагы жана улуттук иденттүүлүктүн негизги өзгөчөлүктөрүн айкындаган документ. Көп этностуу өлкөбүздө ар бир жаран өзүнүн корголушуна ишенген, биримдик менен туруктуулукту бекемдеген идеялык өзөк болуп саналат. Мына ошондуктан анын ар бир беренесин урматтоо баарыбыз үчүн маанилүү принцип болушу абзел, -деп айтылат куттуктоодо.

-Конституциянын ар бир тамгасын жана бийик демин так кабыл алып, бекем сактоо аркылуу кийинки муундарды Баш мыйзамды, элибиздин кылымдарды карыткан бай тарыхын, нарк-насилин жана ак ниет эмгегин урматтоого тарбиялоо – сиздер менен биздин эң башкы милдетибиз. Конституциянын жоболоруна жана элибиздин кеменгерлигине таянуу менен биз көз карандысыз, коопсуз жана өнүккөн жаңы Кыргызстанды кура алабыз деп бекем ишенем,-деди куттуктоодо мамлекет башчы.

Эгемен Кыргызстандын Конституциясын 1993-жылы 5-майда легендарлуу парламент кабыл алган.

Андан бери бир канча жолу өзгөртүлүп, соңку референдум 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн. Ага жалпы шайлоочулардын 36,66% катышкан. Анын 79 пайыздан ашыгы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоп, Кыргызстанда президенттик башкаруунун болушун жактады.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты