ИИМ эки адамдын өлүмүнө шектелген жаран кармалганын расмий кабарлады (Видео)
- 1 месяц мурун
- Видео
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды.
Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 3 – октябрында саат 03:28 чамасында “102” кызматына Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунун Ынтымак көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде, белгисиз эркек киши үйгө кирип, үй ээсине бычак менен жаракат келтирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган факт маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, окуя болгон жерге ИИМдин жетекчилиги жана ыкчам — тергөө тобу барган учурда, аталган үйдүн ичинен 1991-жылы туулган И. у.Э. жана анын бир тууган эжеси 1987-жылы туулган Б.А.нын сөөгү табылган.
Ал эми, окуя болгон жерди кароо учурунда далил буюмдар, сыртта турган автоунаанын жүк ташуучу жеринен ири суммадагы акча каражаты табылып, алынган.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси «адам өлтүрүү» менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Алдын ала маалыматка ылайык, судмедэксперттер менен кароо учурунда маркум И.у.Эге 18 жолу, ал эми анын бир тууган эжеси Б.А.га 11 жолу бычак сайылгандыгы маалым болгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун жубайы суракка алынып, анын айтуусу менен шектүүнүн болжолдуу келбети түзүлүп, ички иштер органдарына берилген.
Бул кылмыш иши ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынып, тиешелүү кызматтарга кылмыштын бетин ыкчам ачуу боюнча тапшырмалар берилген.
Милиция кызматкерлери тарабынан аймактагы видеокамералар текшерилип, ар бири дыкат карала башталган.
Тергөө ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү боюнча толук маалыматтар жана фактылар чогултулуп, ал 2006-жылы туулган И.С. экендиги аныкталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү И.С. коомдук жайларда орнотулган ИИМдин “Коопсуз өлкө” долбоорунун тутумуна кошулган жүздү таануу көзөмөл камералардын жардамы менен кармалып, тергөө кызматына жеткирилди.
Ошондой эле, шектүүнүн кайсы багытта жүргөндүгү боюнча видео маалыматтар такталып, Бишкек шаарынын аймагында жана ошондой эле Ысык-Көл облусуна чейинки аралыктагы видео көзөмөл камералары текшерүүгө алынган.
Кылмыш ишинин жагдайларын аныктоого багытталган бардык зарыл ыкчам-тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат, -деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.
Буга чейин шектүүнүн кармалганы социалдык тармактарда кеңири тарап, бирок, ИИМдин расмий маалыматы берилбей жаткан. Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда эки адамдын киши колдуу болушу боюнча президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасында маалымат берди.
“Ак-Ордо конушунда болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча шектүү кармалды. Соцсеттерде “бул жаш эле бала экен, кантип эле өлтүрүп койсун” деген пикирлер жазылып жатат. Азыр XXI кылым, Ички иштер министрлигинин техникалык базасы жана “Коопсуз шаар” системасынын мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү өнүккөн. Бүт жерде камералар бар. Мындан тышкары кылмышкерлерди табуунун ыкмалары көп, аны ачыктабай эле коеюн» деп билдирди Дайырбек Орунбеков.
Мурдагы ички иштер министри Феликс Кулов ички иштер министри Улан Ниязбеков ага телефон чалып, шектүүнү кантип кармаганын айтканын Фейсбук баракчасына жазды.
3-октябрга караган түнү Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунун Ынтымак көчөсүндө жайгашкан үйдүн биринде 34 жаштагы жана 36 жаштагы бир туугандарды өлтүрүү фактысы катталган.
Кылмышка шектүү көзөмөл камераларына түшүп калган жана окуя болгон жерден баш кийим (кепка) табылган.
«Маркумдардын туугандары бул иштин кандайдыр бир жагдайларын жарыялоого каршы экенин эске алып, кошумча маалымат берүүдөн баш тартабыз. Тергөөнүн аякташы менен жана шектүү жаран кармалгандан кийин, коомчулукка расмий маалымат берилет» деп билдирген ИИМ.
Сүрөт: mvd.gov.kg




