Конституциялык сот өлүм жазасын киргизүү Конституцияга каршы келерин билдирди
- 1 месяц мурун
Конституциялык сот өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Конституцияга ылайык келбейт, жол берилгис жана укуктук мааниде мүмкүн эмес деген тыянакка келди.
Бул тууралуу Конституциялык сот 10-декабрда президенттин “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамынын долбооруна корутундусунда билдирди.
Конституциялык сот 10-декабрда “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна корутунду берүү боюнча президенттин сунуштамасын карап чыкты. Долбоордо балдарды зордуктоо, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн өлүм жазасын колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган.
“Жашоого болгон укук жана өлүм жазасына тыюу салуу кылмыш-жаза саясатынын, сот адилеттигинин мазмунунун, укук коргоо органдарынын жана пенитенциардык системанын ишинин стандарттарын белгилеген система түзүүчү принциптер болуп кызмат кылат. Конституциялык түзөтүү аркылуу өлүм жазасын калыбына келтирүү бул стандарттардан баш тартууну, укуктук өнүгүүнүн ырааттуулугун үзгүлтүккө учуроосун, инсандын кадыр-баркынын артыкчылыгына жана анын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиктерин бекемдөөгө багытталган конституциялык вектордон четтөөнү билдирет» деп айтылат корутундуда.
Конституциялык сот ошондой эле каралып жаткан маселенин эл аралык-укуктук өлчөмүн да белгиледи.
«Кыргыз Республикасынын Конституциясы эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери өлкөнүн укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат деп белгилөө менен, улуттук деңгээлде чечимдерди кабыл алууда тиешелүү эл аралык милдеттенмелерди сактоо зарылдыгын болжолдойт. Эл аралык келишимдер укугу жөнүндө Вена конвенциясына ылайык, мамлекет келишимди аткарбоону актоо үчүн өзүнүн ички укугунун жоболоруна таяна албайт, ал эми анын аракетин кыскартуу же токтото туруу так аныкталган учурларда гана мүмкүн.
Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын экинчи Факультативдик протоколу өлүм жазасын толук жана биротоло жоюуну максат кылат жана денонсациялоо механизми каралган эмес. Бул, Протоколго кошулуу менен мамлекет өлүм жазасын кайра киргизбөө жана эч кандай шартта ага кайрылбоо боюнча мөөнөтсүз милдеттенме алды дегенди билдирет. Мындай шарттарда ички укукка өлүм жазасын киргизүү Кыргыз Республикасын өзүнүн келишимдик милдеттенмелерин бузган мамлекеттин абалына алып келет, бул конституциялык жактан бекитилген эл аралык укукту таануу жана эл аралык келишимдерди ак ниеттүүлүк менен аткаруу принцибине туура келбейт.
«Конституциялык жана эл аралык-укуктук аргументтердин жыйындысынан алганда, Конституциялык сот өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Конституцияга ылайык келбейт, жол берилгис жана укуктук мааниде мүмкүн эмес деген тыянакка келди».
Демек, “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору референдумга чыгарылышы мүмкүн эмес жана аны кабыл алуу демилгесин ишке ашыруу боюнча бардык жол-жоболор Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Корутундусу күчүнө кирген учурдан тартып токтотулууга жатат.
Констуциялык сотко «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамынын долбооруна корутунду берүү тууралуу президенттин сунуштамасы түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору долбоору коомдук талкууга чыгарылган. Аны президенттик администрация иштеп чыкты.
Сүрөттө: Конституциялык сот имараты. constsot.kg




