“Турмуштук сыноодон өткөн изденүү болду”. Парламент төрагасы Конституция күнү менен куттуктады

  • 6 дней мурун

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады.

-Кыргызстандын тарыхы —  айрымдар көрсөткүсү келгендей, саясий конъюнктурага жараша «Конституцияны кайра-кайра жазуу» тарыхы эмес. Бул — изденүүнүн тарыхы. Мамлекеттин туруктуу моделин издөө. Эркиндик менен тартиптин, укук менен жоопкерчиликтин, коомдун күтүүлөрү менен мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн ортосундагы тең салмактуулукту издөө. Бул изденүү оңойго турган жок. Ал ишеним кризистери, каталар жана кайра куралуулар аркылуу өттү. Бирок дал ушул себептен ал чыныгы, теориялык эмес, турмуштук сыноодон өткөн изденүү болду, -деп белгиледи төрага Марлен Маматалиев куттуктоодо.

-Бүгүнкү күндө өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан реформалардын негизинде Конституциянын принциптери бекем кармалып, мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындуулугу жана натыйжалуулугу жогорулап жатат. Жогорку Кеңеш да өз ишмердүүлүгүндө мыйзамдуулукту, жоопкерчиликти жана эл алдында ачык болууну башкы багыт катары карманып, Баш мыйзамга шайкеш келген мыйзамдарды өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл буруп келебиз, -деп айтылат куттуктоодо.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, кыргызстандыктарды өлкөнүн Конституция күнү менен куттуктады.

Эгемен Кыргызстандын Конституциясын 1993-жылы 5-майда легендарлуу парламент кабыл алган.

Андан бери бир канча жолу өзгөртүлүп, соңку референдум 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн. Ага жалпы шайлоочулардын 36,66% катышкан. Анын 79 пайыздан ашыгы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоп, Кыргызстанда президенттик башкаруунун болушун жактады.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты