«Клооптун» журналисттерине элдик курултайга аккредитация берүүдөн баш тартышты

  • 5 месяцев мурун

”Клооптун” журналисттерине 15-16-декабрда Бишкекте өтө турган элдик курултайга аккредитация берүүдөн баш тартышканын аталган басылма билдирди.    

Маалыматта айтылгандай, президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов курултайга аккредитация берилбей турганынын себеби маданият министрлигинин сайтты бөгөттөө чечими жана сот иштеринин жүрүшү менен байланыштуу экенин билдирген.

Мамлекет башчынын басма сөз катчысы “Маданият министрлиги менен маселе чечилмейинче, президенттин катышуусу менен өтө турган иш-чарага “Клооптун” журналисттерин аккредитация берилбей турган болгонун айтты. Ал “Азаттыктын” журналисттерине да сот жүрүп жаткан учурда андай иш-чараларга аккредитация берилбегенин кошумчалаган  

12-декабрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Kloop порталын жабуу боюнча Бишкек шаардык прокуратурасынын арызына байланыштуу кайрадан лингво-психологиялык экспертиза жүргүзүү чечими кабыл алынды.

Бишкек шаардык прокуратурасы Kloop сайтын жабуу боюнча сотко кайрылганы 28-августта белгилүү болгон.

Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында Kloop басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

Прокуратура басылманын мындай маалыматтары “эл арасында терс маанай жаратып, айрым аймактардан элди көчүп кетүүгө аргасыз кылып жатканын” жүйө келтирген.

“Клооптун” башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сентябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) арызынын негизинде “Клооптун” сайтындагы “Саясатчы Равшан Жээнбеков СИЗО-1де кыйноого кабылганын билдирди” деген жаңылыкты жалган деген негизде өчүрүүнү талап кылган.

8-сентябрда мекеме маалыматты сайттан алып салуу чечимин “Клоопко” тапшырган жана “Клооптун” юристтери бул чечимди жокко чыгаруу үчүн арыз берген. 11-сентябрда Маданият министрлигинин комиссиясы бул арызды канааттандырган эмес.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Клооп” басылмасынын кыргыз тилиндеги  ky.kloop.asia домениндеги сайтын фейктер тууралуу мыйзамдын негизинде бөгөттөгөн.

12-сентябрда “Клооп” басылмасы сайтындагы макала өчүрүлбөй турганын жарыялады. «Клооптун» орус тилиндеги сайты 12-сентябрдан тартып жабылган.

6-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Бишкек шаардык прокуратурасынын “Клооп” басылмасын жабууга байланыштуу арызы каралды.

      

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты