“Kloop” басылмасы эл аралык Free Media Pioneer award сыйлыгын жеңип алды

  • 2 месяца мурун

Кыргызстандагы көз карандысыз “Kloop Media” порталы эл аралык Free Media Pioneer award сыйлыгын жеңип алды.

Бул тууралуу International Press Institute (IPI) билдирди.

Аталган эл аралык сыйлык менен сыйлоо аземи  23-майда Босния жана Герцоговинанын Сараево шаарында IPI бүт дүйнөлүк конгрессинде тапшырылат.

2006-жылы негизделген  Kloop басылмасы Кыргызстандагы көз карандысыз популярдуу басылма катары таанылып, коррупция менен күрөштө артыкчылыкка жетишти. Кыргызстандын Kloop басылмасы — Борбор Азиядагы эр жүрөк жана чынчыл журналисттик иликтөөлөрдүн көч баштоочусу.

Бул сыйлык Kloop басылмасынын тайманбаган, жоопкерчиликтүү жана Кыргызстандагы  сапаттуу ЖМКнын ишин илгериткени жана демократиялык баалуулуктарды жайылтканы үчүн ыйгарылды. Бийлик органдарынын көрсөтүп жаткан кысымына карабастан, басылма өз принциптеринен тайган жок, бөгөттөп койгонуна карабастан, социалдык тармактарда ишин улантып келет.   

 «Бул сыйлык «Клооптун» туруктуулугун жана кыргыз өкмөтүнүн көз карандысыз ЖМКларга жасаган куугунтугуна, анын ичинде «Клоопту» жабуу аракетине карабастан өзүнүн миссиясына берилгендигин билдирүүдө» деп жазылат институттун билдирүүсүндө.

Free Media Pioneer сыйлыгы жыл сайын журналисттик жана ЖМКнын алдыңкы  үлгүлөрүнө жетишкендерге ыйгарылат.

Free Media Pioneer award сыйлыгына ат салышкан 11 ЖМК сыйлыктын байге алууга сунушталган кыска тизмесине кирген. Натыйжада  Кыргызстандагы көз карандысыз “Kloop Media” басылмасы жеңип алды.    

9-февралда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Клооп Медианы» жоюу чечимин чыгарган.

2023-жылы 12-декабрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Kloop порталын жабуу боюнча Бишкек шаардык прокуратурасынын арызына байланыштуу кайрадан лингво-психологиялык экспертиза жүргүзүү чечими кабыл алынган.

Бишкек шаардык прокуратурасы Kloop сайтын жабуу боюнча сотко кайрылганы өткөн жылы 28-августта белгилүү болгон.

Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында Kloop басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

Бишкек шаарынын административдик соту маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Клооп” сайтынан материалды алып салуу чечимин жана сайттын бөгөттөлүшүн туура эмес деп тапкан. Бул “Клооптун” орус тилиндеги версиясына тиешелүү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2023-жылы сентябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) арызынын негизинде “Клооптун” сайтындагы “Саясатчы Равшан Жээнбеков СИЗО-1де кыйноого кабылганын билдирди” деген жаңылыкты жалган деген негизде өчүрүүнү талап кылган. Сайтты бөгөттөөгө аталган материал негиз болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты